27.04.2020 16:10

Өлбөс полк онлайн түрүндө өткөрүлөт. Ага кантип катышса болот?

Өлбөс полк онлайн түрүндө өткөрүлөт. Ага кантип катышса болот?

Бул жылы Кыргызстандагы “Өлбөс полк” онлайн түрүндө өтөт. Бул тууралуу анын уюштуруучулары билдиришти.

Акциянын коомдук штабы бардык кайдыгер эмес жарандарды “Өлбөс полк Кыргызстан” онлайн-акциясына катышууга чакырат.

Виртуалдык иш-чаранын катышуучулары алгач Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан туугандарынын сүрөтүн 9-май күнү саат 10:00дө социалдык тармакка чыгарып, анын аты-жөнүн, туулган жылын жана эң маанилүү делген маалыматты жайгаштырып, астына төмөндө көрсөтүлгөн хэштэгдерди жазып коюуусу кажет: #бессмертный полк, #никтонезабытничтонезабыто #9маяКыргызстан #Деньпобеды #Мыпомним #запобеду #Жеңишкүнү #Өлбөсполк

“Өлбөс полк Кыргызстан” акциясы Улуу Жеңиш күнүнүн урматына жыл сайын Кыргызстандын булуң-бурчунда өткөрүлөт. Акциянын жүрүшүндө эл Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан ата-бабаларынын сүрөттөрүп көтөрүп, жөө жүрүшкө катышышат.