10.03.2020 16:00

Өз атасы тарабынан бычакталган тестиердин абалы оор, бирок өз алдынча дем ала баштады

Өз атасы тарабынан бычакталган тестиердин абалы оор, бирок өз алдынча дем ала баштады

Атасы тарабынан бычакталып № 3 Балдарды коргоо бейтапкапканасына жеткирилген өспүрүмдүн абалы оор. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тестиердин абалы оор болгону менен, ал жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып өз алдынча дем алып калды.

Жабыр тарткан баланын абалынан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы кабар алып, дарыгерлерге тиешелүү дары-дармек менен камсыздап, медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, каргашалуу окуя 6-март күнү түшкү саат 12:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө аялын өлтүрүп, баласын бычактап, өзү ваннада жанын кыйган ата жөнүндө каргашалуу окуя маалымдалган.

Окуяда 10 жашар бала № 3 Балдарды коргоо бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.