02.05.2020 15:49

Өзгөчө абал: Бир күн ичинде уруксат кагазын алуу үчүн 13 миңден ашык арыз түштү

Өзгөчө абал: Бир күн ичинде уруксат кагазын алуу үчүн 13 миңден ашык арыз түштү

Бишкек шаарында бир күн ичинде уруксат кагазын алуу үчүн 13 миңден ашык арыз келип түштү.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

“Анын ичинен 1 миң 687си жактырылды: унааларга күнү-түнү жүрүүгө – 41, күндүзгү маалга – 1 миң 92 жана жөө жүргөнгө – 554. 10 миң 521 арыз жактырылган жок. 835 арыз каралууда. Эмнеге мынча көп баш тартуу болду деген суроо болушу мүмкүн. Көп жарандар электрондук порталга документтерин киргизгенде көп каталар кетип жатат. Арыздарды 1312.tunduk.kg порталына калтырууга болот”, – деди Алымкулов.

Бүткүл өлкө боюнча короанвирус илдетине чалдыккандардын саны 769 кишиге жетти. Алардын ичинен 200 учур медицина кызматкерлери.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Ал эми 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга узартылган.