Өзгөчө абал: Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

Өзгөчө абал: Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди. 

“Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу Республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдетүүлөр киргизилүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу   Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтотмокчу”, - деп айтылат билдирүүдө.

Вице-премьер-министр билдиргендей, салык процедураларын фискалдаштыруунун алкагында бир катар долбоорлорду ишке киргизүүнүн, аны менен бирге электрондук эсеп-фактураларын жана мунайзат продуктуларына товардык-транспорттук электрондук коштоочу кагазды милдеттүү түрдө колдонуунун, 2020-жылдын 1-июлуна чейин виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды сыноонун мөөнөтүн жылдыруу чечими кабыл алынды.

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө абал саат 8:00дөн тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулуп, шаар аймагына кирип-чыгууга чектөө киргизилди.

Ошондой эле Бишкектен сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.

Учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандарлдын саны 42 кишиге жетти.