31.03.2020 09:38

Өзгөчө абал: Бишкекте тартип күчөтүлүп, үчтөн ашык кишинин чогуу болушуна тыюу салынды

Өзгөчө абал: Бишкекте тартип күчөтүлүп, үчтөн ашык кишинин чогуу болушуна тыюу салынды

 

Бүгүн, 31-марттан тартып Бишкекте адамдардын жана автомашиналардын көчөдө жүрүүсүнө кошумча чектөө киргизилди. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Борбор калаанын коменданты А.Орозалиев төмөндөгүдөй чектөөлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду:

  • Шаар ичинде жөө жүрүүгө жана унаа менен жүрүүгө тыюу салынат, төмөнкү учурлардан сырткары:
  • - жашаган жеринен үйүнө чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;
  • - каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;
  • - үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 минутадан көп эмес;
  • - ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;
  • - адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда ж.б.у.с. учурларда үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.
  • Туугандарга, досторго, кошуналарга ж.б. конокко барууга тыюу салынат;
  • Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топтор болуп чогулууга тыюу салынат;
  • Жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат;
  • Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун.

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендердин тизмесине кирбеген тармактардын бардык уюмдары жана ишканалары ӨА учурунда ишмердүүлүгүн токтотуп жана аралыктан же онлайн режимде жүргүзүлсүн”, - дейт Орозалиев.

Белгилей кетсек, 18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын учөө сакайып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.