07.05.2020 16:38

Өзгөчө абал: Бишкекте жумушсуз калгандардын саны 150 миңден ашат

Өзгөчө абал: Бишкекте жумушсуз калгандардын саны 150 миңден ашат

Өзгөчө абал режими киргенден кийин борбор калаада 154 784 адам убактылуу жумушсуз калды. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев брифинг учурунда билдирди.

“Коронавирус кооптуулугунан улам калаадагы 71 миӊ 531 чарбалык субъект ишин токтоткон. Ал эми азыркы тапта алардын 3 836сы ишин кайрадан жандантты”,-деди Бакетаев.

Вице-мэрдин айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча 154 миӊ 784 адам убактылуу жумушсуз калган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режими май айынын 10на чейин узартылган.