Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун бардык түрү жана такси кызматтары толук токтотулду

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун бардык түрү жана такси кызматтары толук токтотулду

Бүгүн, 25-марттан тартып өзгөчө абьал киргизилген аймактарда такси кызматтары дагы токтотулууга тийиш. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирип, эрежени сактабагандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти.

“Өзгөчө абал эрежесин сактабаган такси кызматтарынын жана жүргүнчү ташыган жеке таксилердин автомашиналары атайын токтотулуучу жайга киргизилип, айдоочуларга мыйзамдын негизинде тиешелүү катуу чаралар көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.  

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай, коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда коомдук транспорттун, анын ичинде жүргүнчү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта автобус жана троллейбус убактылуу толук токтоду. Ал эми кичи автобустар болсо 22-мартта токтотулган.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп, ооруканага түшкөндөрдүн жалпы саны 42 адам болду.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек.