29.03.2020 09:37

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда 119 жаран кармалды

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда 119 жаран кармалды

Коронавирусту алдын алуу максатында киргизилген өзгөчө абал маалында түнкүсүн көчөгө чыккан жарандардын суюла элек. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча комендант Алмазбек Орозалиев маалымдады. Айтымында бир түндүн ичинде эле 100дөн ашуун тургундар кармалууда.

“Өткөн суткада саат 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 15 аял, 104 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран”, - Бишкек ш. коменданты Алмазбек Орозалиев.

Бишкек шаары боюнча комендант жарандарды үйдөн чыкпоого үндөп, кары-картаңдардын жанында болууга сунуштады. Айтымында коронавирустан эң биринчи кезекте кары адамдар жабыркайт.

"Коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкерлери ишке тартылышты. Бир күн ичинде коменданттык саат учурунда мыйзам бузгандардын 67 учуруна протокол түзүлдү. Жалпы шаар боюнча 28 кылмыш иши козголду анын ичинен 21 ачылды",- Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эске салсак, учурда Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 58ге жетти. Алардын басымдуу бөшлүгү Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда. Ал эми Бишкекте 4 учур, Баткенде 1 киши оору менен катталган.

Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.