03.04.2020 15:28

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда белгисиз киши көчөгө чыгып, элдин тынчын алды

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда белгисиз киши көчөгө чыгып, элдин тынчын алды

Бишкектин чок ортосунда коменданттык саат учурунда белгисиз киши тартип бузуп, кошуналары менен урушуп, автоунаасынын музыкасын жаңыртып уккан. Аны күбөлөр видеого тартып, “Апрель” редакциясына тапшырышты.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 3-апрелде түңкү саат 01:00 чамасында Бөкөнбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кечилишинде жүз берген. Мас абалындагы киши дээрлик жарым сааттан ашык элдин тынчын алган. Акыры кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан.

«Милиция кызматкерлери 15 мүнөттөн кийин келишти. Алар келишкенче эле ал адам үйүнө кирип кеткен. Патрулчулар анын машинасынын номурун сүроткө тартып алып кетип калышты. Бул Бишкектин чок ортосунда коменданттык саат учурунда болуп жатат! Патрулчулар кайда карап жүрүштү?» - написали очевидцы.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын саны 130 кишиге жетти. Алардын бирөө каза тапты. Бешөө сакайып, үйлөрүнө чыгарылган.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган. Ага ылайык, коменданттык саат киргизилген. Кечки саат 20:00дөн эртең мененки 08:00гө чейин үйүнөн чыккан жарандарга айыппул салынат.