05.04.2020 11:29

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда кармалгандар

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда  кармалгандар

Түндө коменданттык саатты бузган 83  адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде коменданттык саатты 83 адам бузган. Алардын ичинен, 75 эркек, 8 аял. Учурда, коменданттык саатты бузгандардын санынын кыскарган тенденциясы байкалууда", - деди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.