26.03.2020 12:01

Өзгөчө абал: Коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды

Өзгөчө абал: Коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды

Коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, тогуз унаа токтотулган.

Түнү көчөдө жүргөн Бишкекте 193, Ошто 25, Жалал-Абадда 10, Сузакта 26, Ноокатта 11 жана Кара-Сууда 55 адам кармалды. 

"«Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам боюнча, коменданттык саат талабын бузган адамды милиция же аскердик патруль бул мөөнөт аяктаганча кармап турат, ал эми жанында документи жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат", - деп айтылат маалыматта.

26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны - 44. Алардын алтоо реанимацияда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот,