01.04.2020 09:25

Өзгөчө абал: Коменданттык сааттын тартибин бузгандардар суюлбай жатат. Түндө 119 жаран кармалды

Өзгөчө абал: Коменданттык сааттын тартибин бузгандардар суюлбай жатат. Түндө 119 жаран кармалды

Коменданттык саат учурунда тартип бузгандардын саны суюлбай жатат. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча комендант Алмазбек Орозалиев бүгүн, 1-апрелде билдирди. Айтымында эгер жарандардын көчөдө жүйөөсүз жүргөнү тыйылбаса, бул кооптуу жагдайларга алып келиши мүмкүн.

Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 17 аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган”, - дейт Бишкек ш. коменданты Алмазбек Орозалиев.

Алмазбек Орозалиев тартип бузган ар бир жаран тиешелүү жазага тартылаарын эскертти.

"Күн сайын 100дөн кем эмес тартип бузуучулар кармалып жатат. Бул жакшы эмес, биз бул көрсөткүчтү 0гө чейин азайтышыбыз керек. Жарандардын коопсуздугу ушундан көз каранды, ошондуктан мен шаардыктарга кайрылам, коменданттык саатты жана карантиндик-санитардык эрежелерди бузбаңыздар. Эске салсак, мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү чаралар колдонулат", - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Өзгөчө абалдын эрежелерин сактоо максатында Бишкекте 303 жөө кайгуул уюштурулганы маалымадалат.

  • Биринчи май району – 55;
  • Свердлов району – 80;
  • Ленин району – 88;
  • Октябрь району – 80.

Эске салсак, күн мурун, 31-мартта бардыгы болуп коронавирус илдетин жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.