Өзгөчө абал: Көчөдө автоунаа менен жүрүүгө уруксаатты эми онлайн система аркылуу алса болот
Өзгөчө абал тартибинде шаарда унаа менен жүрүү үчүн комендатуранын ураксат кагаздарын алуу үчүн онлайн система ишке кирди. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Штаб Бишкек шаары боюнча коменданттык саат күчүнө кирген мезгилде жүрүүгө уруксат берилбестигин эскертет. Онлайн система алыстан туруп арыз берип, электрондук уруксат алууга шарт түзөт.
Арыз берүү үчүн максатты жана убакыт-саатын көрсөтүү менен тийиштүү документтерин тиркеп, ресурста көрсөтүлгөн электрондук форманы толтуруу керек. Маанилүү — нускамага ылайык тастыктоочу документтерди арызга сөзсүз тиркеш керек. Эгерде белгилүү бир ишмердүүлүк унаа каражатында айдоочудан сырткары кошумча жүргүнчүсү менен дайыма жүрүүнү талап кылса, ресурска жүргүнчүнүн маалыматтарын да жүктөө зарыл.
Арыздар 24 сааттын ичинде каралат. Арыз жазылган жана электрондук уруксат көрсөтүлгөн бетти жоготуп албоо үчүн, шилтемени көчүрүп алыңыз же QR-кодун жүктөп алыңыз.
"Жактырылгандан кийин арыз берүүчү өзүнүн уруксатын QR-коду менен кошо басып чыгарып, ураксат берилген унаанын маңдайкы терезесине чаптап коюу керек (же жанында алып жүрүшү керек). Анын түп нуска экендиги ыйгарым кызматкерлер тарабынан каалаган смартфондо QR-код аркылуу текшерилет", - деп айтылат маалыматта.
Онлайн система https://1312.tunduk.kg/ шилтемеси боюнча иштейт. Иштеп чыккан — МТжБМК алдындагы МИ «ЦЭВ «Түндүк».
Суроолор жаралса, 1312 номери боюнча комендатуранын колл-борборуна кайрылса болот.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: