16.04.2020 15:07

Өзгөчө абал: Нарында 30дан ашуун тосмо орнотулду

Өзгөчө абал: Нарында 30дан ашуун тосмо орнотулду

Өзгөчө абал жарыяланганы Нарын шаарына төрт жерге блокпост, дагы төрт жерге фильтрациялык тосмо, ал эми Ат-Башы району боюнча беш жерге блокпост, 21 аймакка фильтрациялык тосмо коюлду. Бул тууралуу 16-апрелде Ички иштер министрлиги кабарлады.

15-апрелдин кечинде Нарын шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү. Анда коменданттын буйруктары тааныштырылды.

Бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Жалпысынан СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 466 кишиге жетти. Ичинен – 251 аял, 215 эркек. Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.