27.04.2020 10:03

Өзгөчө абал: Тартип бузгандарды колго түшүрүү учуру тасмага тартылып калган (видео)

Өзгөчө абал: Тартип бузгандарды колго түшүрүү учуру тасмага тартылып калган (видео)

Бишкекте коменданттык сааттын шарттарын бузган жарандарды кармоо учуру видеого тартылып калган. Анын тасмасын күбөлөр “Апрель” редакциясына жөнөтүшкөн.

Күбөнүн айтканына караганда, окуя күн мурун, 26-апрелде Бөкөнбаев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жүз берген. Тартип бузган кишинин аркасынан бир милиция кызматкери кубалап түшкөн. Аны кармаган соң, патрулчу кесиптештерин жардамга чакырган. Видеонун автору билдиргендей, патрулдук милициянын машинасы чакырылган жерге бир сааттан кийин гана жетип келген.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.