24.04.2020 16:38

Өзгөчө абал: Үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү

Өзгөчө абал: Үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү

Борбор калаада өзгөчө абал жарыялангандан бери үй-бүлөлүк зомбулук күчөдү. Бул тууралуу 24-апрелде ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда дээрлик 62% жогору.

«2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 катталды», — дейт баш калаанын коменданты.

Бул көрсөткүч Бишкек шаарына гана таандык экендиги белгиленди.

Орозалиев үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар баш калкалоочу кризистик борборлордун ишине уруксат берүү маселесин карап чыгууга макул экенин, бирок ал жайларда коронавирустун жайылбашы үчүн бардык коргонуу шарттары камсыз болушу зарыл экенин билдирди.

Бүгүн, 24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учур катталды. Жалпысынан өлкө боюнча коронавируска чалдыккан жарандардын саны 656 кишиге жетти. Ичинен 172си медицина кызматкерлери. Алар менен дээрлик 2 548 киши байланышта болушкан. Учурда 914 киши обсервацияга алынган. Ал эми бейтапканада 326 адам жатат. Ичинен 5 жарандын абалы оор, реанимацияда.

Ошол эле маалда бул илдеттен 322 бейтап сакайып,ю үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши оорудан көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.