31.03.2020 11:08

Өзгөчө абал: Өкмөт тиешелүү мекемелерди свет, суу, газ жана интернетти өчүрбөөгө үндөдү

Өзгөчө абал: Өкмөт тиешелүү мекемелерди  свет, суу, газ жана интернетти өчүрбөөгө үндөдү

Кыргызстандагы ишкерликти колдоонун фискалдык чараларын көрүү боюнча план бекитилди. Тиешелүү чечим бүгүн, 31-мартта өкмөттүн жыйынында кабылданды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнү көпчүлүк ишкерлер ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур болушууда.

Ага ылайык, ишкерликти колдоонун фискалдык чараларын көрүү боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

 

  • 2020-жылдын 22-мартынан баштап өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин түзүлгөн салыктык
  • карыздар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын мөөнөтүн узартуу жана бөлүп төлөө шартын түзүү;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин салыктык милдеттерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн акы төлөө мөөнөтүн узартуу;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин жер-жерлерде салыктык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун компоненттерин киргизүү мөөнөтүн узартуу;
  • 2021-жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн жылдыруу;
  • 2020-жылдын 1-июлуна чейин төлөмдөр өз убагында төлөнгөн шартта салык жана социалдык чегерүүлөр боюнча бизнес субъектилеринин отчёт берүү мөөнөтүн узартуу;
  • 2022-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик текшерүү органдар тарабынан текшерүүгө мораторий киргизүү мөөнөтүн узартуу;
  • 2021-жылдын 1-январына чейин төмөнкүлөрдүн тышкары көчмө салыктык текшерүүлөрдү чектөө:


•    товарлардын подакциздик топторун өндүргөн жана жүгүрткөн чарбалык субъектилерди пландуу текшерүү.

•    жеке ишкердин ишмердүүлүгү кайра түзүлгөн, жоюлган жана токтотулган шартта жүргүзүлүүчү пландан тышкары текшерүүлөр;

•    ӨК/ӨА режими киргизилгенден кийин салык төлөөчүлөр тарабынан салыкты туура эмес эсептөө фактыларын ырастаган документтик маалыматтар салык кызматы органдары аркылуу алынган шартта пландан тышкары текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр.

Тиешелүү уюмдарга 3 айдын ичинде төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштоо:

•    абоненттердин карызы үчүн электр энергиясын, сууну, газ жана башка коммуналдык кызматтарды, байланыш кызматын жана Интернетти өчүрбөө;

•    коммуналдык кызматтар үчүн (электр энергиясы, суу, газ, таштанды тазалоо, байланыш кызматы, Интернет жана башка) төлөбөө үчүн айып, туумдарды эсептебөө,

  • Мамлекеттик мүлктү ижарага алуу үчүн төлөмдөрдү 2020-жылдын 1-апрелине чейин 3 айга жылдырууну камсыз кылуу;
  • 2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды кудуретсиздик жол-жобосунан өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу.

Белгилей кетсек, 18-30-мартта Кыргызстанда коронавирус 94 адамга жукканы аныкталды, алардын учөө сакайып чыкты.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.