15.04.2020 12:05

Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу боюнча президенттин жарлыгын депутаттар бир үндөн колдоп беришти

Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу боюнча президенттин жарлыгын депутаттар бир үндөн колдоп беришти

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеш президент Сооронбай Жээнбековдун айрым аймактардагы өзгөчө абалдын мөөнөтун узартуу боюнча жарлыгын бир үндөн колдоп беришти.

Ага ылайык, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартылат.

Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү, бул аймактарда комендатура түзүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына 111 парламентарий макулдугун беришти.

Белгилей кетсек, тиешелүү жарлыкты президент күн мурун, 14-апрелде чыгарып, Жогорку Кеңешке бекитүүгө берген.

Жаңы бекитилген жарлыкка ылайык, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын убактысы эки саатка кыскарды. Ага ылайык, саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек. 

Бүгүн, 15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен 98и дарыгерлер. Бүгүнкү күндө коронавирус жугузуп, стационарда жаткан 366 жарандын ичинен 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. Ошол эле маалда 78 киши айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.