12.05.2020 13:45

Өзгөчө кырдаал учурунда чет өлкөдөн тогуз миңден ашык кыргызстандык келген

Өзгөчө кырдаал учурунда чет өлкөдөн тогуз миңден ашык кыргызстандык келген

 

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиация жана жер аркылуу 9196 мекендешибиз кайтып келген. Бул туурасында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков маалымат жыйында билдирди.

"Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиация жана жер аркылуу 9196 мекендешибиз кайтып келген. Бүгүнкү күндө чек аралардын жабылышынан жана авиабилдирүүлөрдүн токтошунан улам биз кыргызстандыктарды мекенине кайтарып алуу боюнча жолдорду издеп жатабыз", - деди Айдарбеков.

 

Акыркы 12 күндүн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келгенин белгиледи.