08.06.2018 10:57

 Чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди

 Чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди

Кыргыз Республикасында чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсү киргизилди. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын аймагында транспортук каражаттарды каттоонун, кайрадан каттоонун жана каттоодон чыгаруунун, орнотууларды жана жабдууларды каттоонун бирдиктүү тартибин киргизүүгө, транспорттук каражатты пайдаланууга берүүнү тартипке келтирүүгө багытталган.

Чет элдиктер үчүн унаанын жаңы номурларынын үлгүсүнүн киргизилиши чет элдик юридикалык жана физикалык жактар үчүн каттоо тейлөөсүн өз мөөнөтүндө жана тоскоолдуксуз алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тараптан жол кыймылы коопсуздугу жаатындагы көзөмөлдүн камсыздалышын жакшыртат.