Өкмөттүн кадр саясаты: Баткенге өкмөт өкүл катары Алишер Абдрахмановду дайындады

Өкмөттүн кадр саясаты: Баткенге өкмөт  өкүл катары Алишер Абдрахмановду дайындады

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алишер Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн жаңы облус башчысын облусттук аппарат менен тааныштырары күтүлүүдө.

Алишер Абдрахманов 1962-жылы 30-августа Баткен облусунун Баткен районунда туулган.

1999 -жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юридика бөлүмүн аяктаган.

Эске салсак, бул кызматтын мурунку жетекчиси Акрам Мадумаров 12-февралда Жениш Разаковдун ордуна өкмөткө вице-премьер-министр болуп дайындалган.