16.03.2018 16:12

2017-жылы жол кырсыктарынын 50 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон

2017-жылы жол кырсыктарынын 50 пайызы  жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон

Бишкек шаарындагы аварияларды талдоо көрсөткөндөй, 2017-жылы жол кырсыктарынын 54 пайызы жөө жүргүнчүлөрдүн катыштыгы менен болгон. Андан  34 адам каза таап, 1570 киши жаракат алган.  

2018-жылдын башынан бери жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен 146 учур катталган.  3 адам каза таап, 155 киши ар кандай жаракаттарды алган.  

Жол кыймылынын коопсуздугу эрежелеринин 247-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, жөө жүргүнчү жол эрежесин бузса, 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөө каралган.

Ай башынан бери жүргүзүлгөн рейд учурунда  212  эреже бузуу катталган. Бардыгы болуп, жөө жургүнчүлөргө 540 жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.