24.02.2020 11:48

Абакта отуруп, телефон аркылуу бомба менен коркуткан жаран кармалды. Түрмөдө ага кысым болгону айтылууда

Абакта отуруп, телефон аркылуу бомба менен коркуткан жаран кармалды. Түрмөдө ага кысым болгону айтылууда

Абакта отуруп, сода түйүндөрүнүн биринде бомба коюлду деп коркуткан жаран кармалды.

«Бишкектеги соода борборлорунун биринде террордук чабуул коюлат» деп телефон чалган адамды УКМК аныктаган.

Мекеменин Чүй облустук башкармалыгына 23-февралда түштөн кийин телефон чалынган.

Териштирүүнүн жыйынтыгында телефон чалган адам 30 жаштагы Тагир Султанбеков экени, ал мурда да ушундай жоругу үчүн соттолгондугу аныкталды. Мындан тышкары ал буга чейин «Алдамчылык», «Тоноо», «Пара талап кылуу» деген беренелердин негизинде да эркинен ажыратылган.

Сурак учурунда Султанбеков телефон чалганын мойнуна алып, бул жоругун колониядагы коркутуу менен түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, ал 2018-жылдан тартып Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясында отурат.

Бул факт Жазык кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү («Терроризм актысы менен коркутуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жазык кодексинин 239-беренесине ылайык, террордук акт менен коркутуу үчүн адам 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.