18.12.2019 11:16

“Ачык саясат плюс” гезити депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

“Ачык саясат плюс” гезити депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди

“Ачык саясат плюс” гезити депутат Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Тиешелүү чечимди Жогорку сот чыгарып, буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирип чыкты.

Маалыматка караганда, күн мурун 17-декабрда Жогорку сот каралып жаткан ишти Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин пайдасына чечип берген.

Бүгүн болсо гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова ММКларга маалымат берип, басылма мындай ири сумманы көтөрө албастыгын ачыктады.

Гезит бул сумманы көтөрө албайт. Анткени биздин бюджетте мынча акча жок. Ошондуктан Рыспаевге 300 миң сомду төлөп бериш үчүн «Кожобек Рыспаевге бир сом» деген акцияны уюштуруп жатабыз, - дейт Н. Мамытова.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында “Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту” аттуу макала чыккан. Анда аталган депутаттын бир партиядан экинчисине көчкөнү, ал хамелеон катары сүрөттөлөөрү айтылган.

2019-жылдын февраль айында «ар-намысыма шек келтирди» деген жүйөө менен  Кожобек Рыспаев Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Райондук сот 24-майда депутаттын доосун канааттандырып, басылманы 300 миң сом айыпка жыккан. Шаардык сот бул чечимди 5-сентябрда күчүндө калтырган.