07.02.2019 09:07

Аэропортко бомба коюлду деп чалгандар чет өлкөдөн болуп чыгышты

Аэропортко бомба коюлду деп чалгандар чет өлкөдөн болуп чыгышты

Дүйшөмбү күнү Бишкек жана Ош шаарларынын стратегиялык объектилеринде жардыруучу зат коюлган деген таризде жалган маалымат келип түшкөн. Баарынан кызыгы ушундай эле билдирүүлөр КМШ өлкөлөрүндө да катталган. Элдин тынчын алган мындай билдирүүлөрдү эмне кылаарын билбей, эринген бирөө жасап жаткан жок. Жети өлчөп бир кесилген, кезектеги кадам болушу мүмкүн дешет эксперттер.

Анын автору ким? Так айтыш кыйын. Бирок божомолдор бар.