09.04.2020 18:05

Аида Исмаилованын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Аида Исмаилованын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Бүгүн, 9-апрелде депутат Аида Исмаиловадан депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда алынды. Тиешелүү чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.

«Республика - Ата Журт» фракциясынан Аида Исмаилованын мандаты депутат башка ишке өткөнүнө байланыштуу алынганы айтылат. Анын ордуна партиянын тизмесинде кийинки орунда турган Айгерим Бешимбаева Жогорку Кеңешке депутат болуп катталды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Аида Исмаилова 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министрлик кызматка дайындалган. Депутаттык мандатын тапшырышы тууралуу Исмаилованын арызы Боршайкомго 4-апрель күнү берилген.

Конституциянын «Президенттик жана парламенттик шайлоолор» тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет.

Шайлоо кодексине ылайык, аял депутаттын мандаты алынса, анын ордуна аял талапкер, эркек депутаттын мандаты алынса, анын ордуна эркек талапкер гана депутат болуп келе алат.