16.07.2019 11:35

Аида Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бербей жатабы?

Аида Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бербей жатабы?

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын жакындары кол топтоп, жол тосууга камынып жатышат. Алар өлкө башчыга кылмыш ишин акыйкат териштирүүнү талап кылган кайрылуу жолдошту. Буга чейин жактоочусу убактылуу кармоочу жайында Салянова кыйноого дуушар болгонун айтып, коңгуроо кагып, тез арада дарыланууга муктаж экенин билдирген.

Экс-депутат менен бирге кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынган лаборант Ирина Цопова да дарт менен алышып жатканы социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты.

Шарты начар убактылуу кармоочу жайларда отургандардын ден соолуктары чындап эле кылдын учунда турабы?