17.09.2019 13:43

Акыйкатчы Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия акыйкат чечим чыгараарынан шек санайт

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Акыйкатчы Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия акыйкат чечим чыгараарынан шек санайт

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Акыйкатчынын 2018-жылы аткарган иши боюнча отчёту каралууда.

Жыйын учурунда депутат Курманкул Зулушев Акыйкатчы Токон Мамытовдон «Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия адилет чечим чыгара албайт» деген сөзү тууралуу сурады. 

Токон Мамытов мындай сөздү айтканы чын экенин билдирди. «Кайра тактап карап көрсөңөр, комиссиянын айрым мүчөлөрү деп айткам. Алар тууралуу дагы деле ошол ойдомун. Комиссиянын мүчөлөрүнүн баарын сыйлайм. Бир кезде камалып, кайра акталган адам калыс чечим чыгарат дегенден алысмын. Бир адам үчүн комиссиянын ишине шек жаралып калышы мүмкүн», - дейт Токон Мамытов.

Курманкул Зулушев жалпы комиссиянын мүчөлөрүнө күмөн жаратпай, ким экенин так айтууну сурады. 

Токон Мамытов Кубатбек Кожоналиев тууралуу айтып жатканын билдирди. «Убагында Кубатбек Кожоналиев Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен биргеликте жоопко тартылып, кийин акталган», - дейт Мамытов.

Эскерте кетсек, 29-августта Кой-Ташта 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлүгүнө ЖК депутаттары - Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дюшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы  - Араев Азамат,  Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы Абдысатаров Рысбек, Юстиция министри Жаманкулов Марат, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Намазалиев Алтынбек, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Саккараев Марс, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы Асанкулов Бекболсун, «Антитеррор-Альфа» ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы Медетбеков Артур, коомдук ишмер Исаков Исмаил, Кожоналиев Кубатбек,  Мамасалиев Алишер кирген. Кийинчерээк алардын катарына Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова жана коомдук ишмер Жаркынбек Касымбеков кошулган.