25.06.2018 13:48

Аламүдүн районундагы акча алмаштыруучу жайды тоноп кеткендер изделүүдө

Аламүдүн районундагы акча алмаштыруучу жайды тоноп кеткендер изделүүдө

Акча алмаштыруучу жайды тоноп кеткендер изделүүдө. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз бөлүмү билдирди.

Окуя 23-июнда Аламүдүн районунун Ленин айылында болгон. Аталган айылда жайгашкан гы “Сталбек” аттуу акча алмаштыруучу жайды белгисиз топ карактап кеткен. 

Милициянын маалыматына ылайык, түнкү саат төрт чамасында кылмышкерлер кара түстөгү “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү автоунаа менен акча алмаштыруучу жайдын тоскучун темир аркан менен жулуп, ичинде отургандарга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, болгон акчаны тоноп кетишкен.

Жараат алган адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Карактоо") боюнча иш козголду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, карактоого шектүү топ изделип жатат.