15.01.2019 12:45

Албек Ибраимовдун соту башталды

Албек Ибраимовдун соту башталды

Албек Ибраимовдун үстүнөн соттук иликтөө башталды. Бүгүн саат 10до Бишкектин Октябрь райондук сотунда биринчи процесс болмок, жана аны таржымалы чуулгандуу судья Кымбат Архарова жетектемек. Бирок, отурум башталганынан аяктаганы бат болду. Судья Архарова иш менен тааныша элекмин деген жүйө келтирип, процессти кийинкиге жылдырды. Ал эми жактоочулар мурдагы калаа башчысынын иши Биринчи май эмес, Октябрь райондук соттун өндүрүшүнө берилгенине таң калышып, процессуалдык мыйзамдар орой бузулганын белгилешти.