29.04.2020 10:10

Кой-Таш окуясы: Алмазбек Атамбаевди соттук отурумга алып келишти

Кой-Таш окуясы: Алмазбек Атамбаевди соттук отурумга алып келишти

Бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү улантылууда.

УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан экс-президент Алмазбек Атамбаевди соттук процесске алып келишти. Мурдараак экс-президент ден соолугуна байланыштуу отурумга катыша албастыгын билдирген. Тиешелүү документ судьяга тапшырылган.

Эске салсак, кылмыш ишинин алкагында 14 кишиге айып тагылган. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылды:

  • 39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);
  • 355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);
  • 337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);
  • 244 («Адамдарды барымтага алуу»);
  • 264 («Массалык башаламандык»);
  • 130 («Киши өлтүрүү»);
  • 130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);
  • 253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);
  • 257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);
  • 338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.