17.03.2019 11:51

Алмазбек Атамбаев: Аксы окуясын саясатташтырып жатышат (видео)

Алмазбек Атамбаев:  Аксы окуясын саясатташтырып жатышат (видео)

Азыркы бийлик Аксы окуяларын саясатташтырып, Бакиевдин убагындагыдай элди бул окуяга арналган иш-чарага катышпоого үндөөдө. Бул туурасында бүгүн, 17-мартта Бишкектеги  «Медиа Форум» имаратынын алдында Аксы окуясынын 17 жылдыгына арналган митинг-реквием учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирди. 

Анын айтымында, Аксы окуяларынын Кыргыз тарыхында өзгөчө орду бар. Эгерде Аксы окуялары болбогондо, 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги төнкөрүштөр болмок эмес.

«Бул окуянын себеби - Кытай-Кыргыз чек араларын тактоо иштери жүрүп жатып, 1994-жылы кол коюлган келишимдин негизинде 120 гектар жер, Үзөңгү-Кууш тоосу кошо берилген. Муну парламентте ачык айтып чыккандарды бийлик каматкан. 1916-жылы Кытайга качкан ата-бабалардын сөөгү калган Үзөңгү-Кууш берилип кеткен. Буга аксылыктар көтөрүлгөн. Куралчандар куралы жок карапайым элди аткан. Эсимде бар, 2002-жылы январда мен Түркияга кеткем, мага кысым көрсөтүп, жадагалса, өлтүрөбүз деп коркутушкан. Бул окуя болуп кеткенде келгем. Аксыга барып, таап келген акчама элге жардам бергем. 2002-жылы Сооронбай Жээнбеков вице-спикер болчу, бир тууганы Жусуп Жээнбеков губернатор болуп турган, ошол окуя боюнча ооз ачышкан эмес. Азыр алардын митинг-реквиемге тоскоолдук кылып жатканы өкүнүчтүү», - деди Атамбаев.