25.05.2019 13:49

Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагалыгынан кетти

Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагалыгынан кетти

Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана партия мүчөлүгүнөн кетти. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин бүгүнкү отурумунда белгилүү болду. 

Бул 2019-жылдын 15-майында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери” жөнүндөгү мыйзамдын күчүнө киргенине байланыштуу.

КСДП партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп ЖК депутаты Асель Кодуранова бекитилди. Чечимди бүгүн, 25-майда партиянын саясий кеңеши кабыл алды.