29.11.2019 16:07

Алмазбек Атамбаев сотко алып келинди

Алмазбек Атамбаев сотко алып келинди

Экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко алынып келинди. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылышы боюнча иш каралууда.

Эскерте кетсек, буга чейин соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен.

Сот  Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурумдар жабык өтөт деген чечим чыгарган.

2013-жылы Азиз Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарып, ошол эле күнү Орусияга учуп кеткен. Бул иш кайрадан тергелип, Ички иштер министрлиги аны сотко өткөрүп берген.

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иштери сотко өткөн. Аларга «Коррупция» беренеси менен айып коюлуп жатат.

фото с сайта 24.kg