10.12.2019 14:29

Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаевага таянып, 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымына караганда психиатрлар УКМКнын убактылуу камоочу жайына келишкен. Бирок мурунку президент дарыгерлердин суроолдоруна жооп берүүдөн баш тарткан.

«Бүгүн экспертизадан Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова өтүштү. Текшерүү сүйлөшүү аркылуу жүргөнүн айтышты. Жыйынтыгы 10 күндөн кийин даяр болот», - дейт Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, 2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин ("Экспертизаны дайындоонун негиздери") негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке да соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлгөн.