19.07.2019 16:38

Алмазбек Атамбаевди камакка алуу башка күнгө жылдырылдыбы?

Алмазбек Атамбаевди камакка алуу башка күнгө жылдырылдыбы?

Кой-Таштагылар үчүн бүгүнкү түн тынчы жок болду. Экс-президенттин тарапташтарына бийлик Алмазбек Атамбаевди үйүнөн күч менен кармоого камынып жатканы тууралуу маалымат жеткен. Бул операцияга бир жарым миң милиция кызматкери тартылаары белгилүү болгон.

Аны уккан соң, эл Атамбаевдин үйүндө түзүлгөн элдик штабга топтоло баштады. Алар бийликтин мыйзамсыз аракеттерине каршы жооп кайтарганга даяр турушат.