29.11.2019 17:45

Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес

Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кан басымы туруксуз болуп, бирде көтөрүлүп, кээде түшүп кетип жатат. Бул тууралуу анын жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, муну УКМКнын дарыгерлери тастышкан.

"Дарыгерлер бир күн мониторинг жүргүзүшүп, анын кан басымы туруктуу болбой жатканын тастыкташкан. Бирок Атамбаев өзү арыздана элек. Мындан улам аны сот отурумга алып келүүнүн кандай зарылчылдыгы бар эле? Ансыз да буга чейин Алмазбек Атамбаев, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан",-деди Жоошев.

Белгилей кетсек, сот отуруму адвокаттар 27 томдук иш менен таанышып чыгуу үчүн 6-декабрга жылдырылды. Бүгүн Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген болчу.

Буга чейин соттук отурумга Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тарткан. Анын жактоочулары Атамбаев иш боюнча бир да көрсөтмө бербегенин билдиришкен.

Сот  Батукаевдин иши боюнча бардык соттук отурумдар жабык өтөт деген чечим чыгарган.

2013-жылы Азиз Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгарып, ошол эле күнү Орусияга учуп кеткен. Бул иш кайрадан тергелип, Ички иштер министрлиги аны сотко өткөрүп берген.

Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иштери сотко өткөн. Аларга «Коррупция» беренеси менен айып коюлуп жатат.