13.08.2019 19:47

Алмазбек Атамбаевдин уулу саясатка аттанаарын жар салды (видео)

Алмазбек Атамбаевдин уулу саясатка аттанаарын жар салды (видео)

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев чоң саясатка аралашаарын жар салды. Бул туурасында ал Фейсбуктагы социалдык баракчасында билдирди.

«Жакында эле болуп өткөн окуялардан кийин мамлекетте олуттуу оппозиция калбай калды. Биз өч алуу тууралуу ойлорду артка таштап, өзүм билемдикке мыйзам чегинде каршы турууну ойлонушубуз керек. Оппозиция көмүскө эмес, ачык-айкын иш жүргүзүшү бийликтин да кызыкчылыгында. Саясий сахнада тең салмактуулук орношу керек», -деди жаш саясатчы. 

Буга чейин экс-президенттин уулу жергиликтүү гезиттердин бирине маек берип, анын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаевге кайрылып: «Атам бизден саясатка аралашпоого сөз алган эле. Ата, кечириңиз, мындай окуялар болуп жатканда унчукпай тура албайм», -деген эле.