28.01.2020 16:57

Ангела Меркель Алмазбек Атамбаевди жаңы жылы менен куттуктады. Кызыгы кат бүгүн араң жетти

Ангела Меркель Алмазбек Атамбаевди жаңы жылы менен куттуктады. Кызыгы кат бүгүн араң жетти

Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди 2020 Жаңы жылы менен куттуктады.

Бирок куттуктоо каты мурунку президенттин үй-бүлөсүнө арадан бир ай өткөндө араң бүгүн, 28-январда тапшырылды. Бул тууралуу экс-президенттин кенже уулу Кадыр Атамбаев өзүнүн социалдык тармактагы Facebook-баракчасына жазып чыкты.

 «Ангела Меркель жана экс-президент Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосунда саясий көз караштарга, бирдей баалуулуктарга негизделген жылуу мамиле түзүлгөнү эч кимге деле сыр болбосо керек», - дейт Кадыр Атамбаев.

Ошондой эле ал өзүнүн атынан Германиядагы каалаган жогорку окуу жайына келип окуу деген сунушу үчүн Ангела Меркельге ыраазычылыгын билдирген.

«Сооронбай Жээнбеков өзүнүн акыркы маалымат жыйынында саясий туткундардын маселеси боюнча Германиядан ага басым көрсөтүлгөнүн байкабай айтып алган. Бул үчүн мен Меркель айымга ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деп белгилейт К. Атамбаев.

Учурдан пайдаланып Атамбаев Германиянын канцлери Ангела Меркельди дагы 2020 Жаңы жылы менен куттуктады.