19.10.2019 12:00

Анын эч күнөөсү жок! Бишкекте Канат Сагымбаевди колдогон митинг өттү (видео)

Анын эч күнөөсү жок! Бишкекте Канат Сагымбаевди колдогон митинг өттү (видео)

Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Канат Сагымбаевди колдоо иретинде тынч митинг болуп өттү.

Иш чарага Сагымбаевдин туугандары жана жакындары, ошондой эле, анын тарапташтары катышты. Митинг катышуучулары Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик күзөтүнүн мурунку жетекчисинин ишин адилет карап чыгууну талап кылышты. Андан сырткары, Канат Сагымбаевди колдоого Кой-Таш айылынын тургундары жана айылдаштары - Ысык-Көл облусунун Ак-Дөбө айылынын жашоочулары келишти.

"Биз адилет чечимди талап кылабыз! Канат Сагымбаевдин эч кандай күнөөсү жок. Ал өз милдетин ар дайым чынчылдык жана ак ниеттүүлүк менен аткарган. Эмне үчүн өз ишин жакшы аткарганы үчүн түрмөдө отурушу керек?"- дешти митинг катышуучулары.

Алар колдоруна: "Ак ийилет, бирок сынбайт", "Биз саясий куугунтукка каршыбыз" жана "Канат, биз сени менен!" деген жазуулар бар плакаттарды көтөрүп алышкан.



Эскерте кетсек, 20-сентябрда Канат Сагымбаевдин УКМК кызматкери деген күбөлүгүн алып коюшкан, өзүнө кызматтан бошотулганы тууралуу буйрукту көрсөтүшкөн. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын пикиринде, буга жан сакчы Алмазбек Атамбаевди видео аркылуу туулган күнү менен куттуктаганы себеп болгон. 24-сентябрда Аскер прокуратурасы Канат Сагымбаевди 7-августта Кой-Ташта болгон окуяларга шектүү катары камап койгон.

УКМКнын мурунку кызматкерине "Массалык башаламандык", "Адамдар тобу менен киши өлтүрүү" жана "Тергөөчүнүн жана башка кызматтагы адамдардын ишине тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча айып тагылууда.