12.12.2019 14:23

«Антиклан» оппозициялык Facebook-баракчасы өз ишин убактылуу токтотот

«Антиклан» оппозициялык Facebook-баракчасы өз ишин убактылуу токтотот

«Антиклан» оппозициялык Facebook-баракчасы өз ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу анын администраторлору билдиришти.

Алардын айтымында, УКМК «БеспределKG» баракчасынын администратору Автандил Жоробековду камакка алгандан кийин «Антиклан» баракчасына фейк комментарийлер тынымсыз пайда болуп калган.

«Биз муну бийлик жасап жатат деп ойлогонго баардык негиздер бар. УКМКнын «БеспределKG» баракчасына болгон чабуулунан кийин кезекте «Антиклан» тургандыгы белгилүү эле. Адилет сот жана акыл-эстүү бийликке үмүттөнгөндөн пайда жок. Жээнбеков өлкөнү Кокондордун маалына алып бараарын, кыргызстандыктарды сөз эркиндигинен жана тандоосунан ажыратаарын улам-улам далилдеп жатат. Азыркы президент мамлекеттин экономикалык абалын өзгөртө албай, кош стандарттуулуктун жүзү болуп калды.

Ал Сапар Исаковду 15 жылга кесип, Артыкбаевди кое берип жиберди, өзүн жана бир тууган агасын калкалап калды. Батукаевдин иши боюнча ондогон кишилерди камап, Атамбаевди күбө катары алып келиш үчүн  август айында Кой-Таш айылында баш аламандык уюштуруп, бирок иш сапарларына Рысалиевди жанына алып жүрүүдө. Батукаевди учактын алдына чейин өзү коштоп барган Рысалиевди.

Биздин өлкөнү Жээнбековдор жана Матраимовдор басып алышты. Азда болсо демократия орногон өлкөбүз тоталитардык бандиттердин уюгуна айланып баратат.

«Антиклан» дизайн же посттор эмес, эл. «Антиклан» - бул миңдеген окурмандар, акыйкатсыздыкка каршы күч. Биз кол үзбөйбүз, биротоло кетпейбиз, мыйзамсыздыкка каршы туруунун башка жолдорун издейбиз. Алдыда бизди өлкөнүн келечеги үчүн өтө оор кармаш күтүп турат”.

 “Эртең кечинде «Антиклан» баракчасы публикациядан алынат”, - деп алар сөзүн аякташты.