29.11.2018 12:34

"Апрель революциясынын баатыры" наамын жамынгандар көбөйдү

"Апрель революциясынын баатыры" наамын жамынгандар көбөйдү

Өткөн жумада өзүлөрүн Апрель революциясынын баатырлары атаган бир ууч топ Алмазбек Атамбаевге акаарат келтирип, акыркы алты жылда тыңгылыктуу жардам болбогондугун айтып чыккан.

2010-жылы кандуу окуядан каза болгондордун жакындары мурдагы президентке каршы чыккандардын "Апрелчилерге" тиешеси жок экендигин айтат. Болгону кызыкдар тарап, өздөн чыккан жаттарды пайдасына колдонуп жатыптыр. Иш жүзүндө 2010-жылдан кийин Революцияга катыштыгы бар адамдардын ар бирине жардам берилип, өйдө жактагылар үнүн угуп турушканын билдиришти.