21.02.2020 16:45

Асель Кодуранова: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы көтөрүлө элек

Асель Кодуранова: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы көтөрүлө элек

Жогорку Кеңештин депутаты жана КСДП партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевге кирип чыкты.

Анын айтымында, экс-президенттин абалы канааттандыраарлык, бирок кан басымы дагы деле төмөн бойдон калууда.

«Кан басымы төмөн. Ордунан турса чайкалып атат. Алмазбек Атамбаев кан басымын көтөрүүгө аракет кылууда – бал жана башка таттууларды жеп, спорт менен машыгып жатат. Отурган бөлмөсүнө таза аба жетпейт. Таңкысын жана кечкисин башы айланганы күчөп жатат», - дейт Кодуранова.

Алмазбек Атамбаев ага жардам берип жаткан догдурларга ыраазычылыгын билдиргенин кошумчалай кетти.

«Ага жакшы көзөмөл жүргүзүлгөндүктөн, анын нааразычылыгы жок. Баары тең аны абдан колдоп жатышат», - деп билдирет депутат.

Эске салсак, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулдары атасынын кан басымы кескин төмөндөп, инфаркт болуу коркунучу туулгандыгын билдиришкен. Маалыматты экс-президенттин адвокаты дагы тастыктаган.

Бирок УКМК Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин, ага дарыгерлер тез-тез көзөмөл салып тураарын билдирген.

Күн мурун Алмазбек Атамбаевге акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери жана кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү кирип чыгышкан. Алар дагы экс-президенттин ден соолугу начарлап жатканын ырасташкан.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын баамында экс-президенттин ден соолугу боюнча көйгөйлөр жөн жеринен чыкпай эле.