07.08.2019 23:39

Атайын багыттагы отряддын кызматкерлери экс-президенттин үйүнөн чыгарылды

Атайын багыттагы отряддын кызматкерлери экс-президенттин үйүнөн чыгарылды

Атайын багыттагы отряддын кызматкерлери экс-президенттин үйүнөн чыгарылды. Бул туурасында April kg кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Анын айтымында, экс-президент кармалган жок. Ал өз үйүнүн 3-кабатында.

Орусиялык басылмалар атайын багыттагы отряд кеткенин жазып чыкты. Бирок, Кой-Таштагылар алар кийинки чабуулга даярданып жатышы мүмкүн деп, тарабай турушат.

Маалымат агенттиктери операция учурунда ондой адам жаракат алганын, бир киши каза тапканын жазып жатышат.