07.03.2019 15:28

Атайын кызматтагы сержант айым Назира

Атайын кызматтагы сержант айым Назира

Атайы багыттагы аскерлердин ичинде назик аялдарды күнүгө эле кезиктире бербейсиң. Назира Курманова 18 жылдан бери мырзалар менен тең тайлашып машыгып, куралды заматта чачып кайра чогултуп, күч сынашканда да айрым эркектерди нокаутка кетирчү жайы бар. Ал эми үйундө кадимки эле ашканадан башы чыкпаган, балдарын татыктуу тарбиялаган кожойке.