04.12.2019 14:28

Аткезчилик: Ширин Айтматова суракка чакырылды

Аткезчилик: Ширин Айтматова суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматованы УКМК суракка чакырды. Ал саат 16:00дө башталат. Суракка чакыруу кагазынын сүрөтүн Айтматова өзүнүн Twitter баракчасына жүктөдү.

Анын айтымында бүгүн чакыруу келээрин айтып, алар алдын ала эскертишкен.

“УКМКдан өтө сылык жаш жигит чалып, чакыруу кагазын алып келээрин айтты. Анын убактысын жылдырууну сурандым. Анткени балдарым мектептен келген учурда мен УКМКда болуп калат экенмин”, - дейт Ш. Айтматова.

Эске салсак, мурдараак УКМК «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыларын жарыялаган.

Аны менен катар эле  «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисттери Али Токтакунов жана Ыдырыс Исаков дагы 2-декабрда күбө катары суракка чакырылган. 

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.