06.07.2018 14:37

Авариялык кырдаалдар жөнүндө маалыматты кечиктирип же жеткирбегендерге чара көрүлөт

Авариялык кырдаалдар жөнүндө маалыматты  кечиктирип же жеткирбегендерге чара көрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган.  

Жаңы мыйзамга ылайык, төмөнкү кошумча жоопкерчиликтер киргизилген:

— гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүүнүн эрежелерин жана талаптарын, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнү жана керектөөчүлөргө гидрометеорология маалыматын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө аны менен байланышкан маалыматты чогултуу, иштетүү, талдоо, сактоо жана берүү боюнча иштерди бузса;

— шашылыш маалыматтарды, авариялык кырдаалдар жөнүндө, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очоктору жөнүндө кабарларды бурмаласа, кечиктирсе же жеткирбесе.

Мыйзам Административдик жоопкерчиликти күчөтүү максатында  жана  жеке жактар менен жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпысынан гидрометеорология маселелерин камтыган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды кыскартууга багытталган.

Ар бир өзүнчө жасалган укук бузуу үчүн административдик жаза — чара колдонула тургандыгын (тиешелүү берене боюнча) жана суммасында  бул олуттуу каражатты  түзөөөрүн  түшүнүү болочоктогу укук бузуучуну  мындай укук бузууларга жол бербөөгө же анын санын азайтууга мажбур кылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.