04.05.2018 16:57

Австралия бийлиги туристтерди кенгуруларга тамак бербөөгө чакырат

Австралия бийлиги туристтерди кенгуруларга тамак бербөөгө чакырат

Австралия бийлиги туристтердин улуттук корукка тамак алып киришине тыюу салды. Буга  акыркы учурларда кенгурулардын адамдарга кол салуусу көбөйгөнү себеп болгон. Бул туурасында The Guardian билдирет.

Маккуори көлүнө келген туристтер кенгуруларга берүү үчүн ар дайым өздөрү менен жеңил тамак-аш алып алышчу. Мындан улам, сүт эмүүчү жандыктар адамдарды тамак катары карап, аларга  кол салып башташкан.

«Акыркы учурда кенгуру туристтерге кол салган бир нече учур катталды. Көп учурда жаныбарлар адамдарды тээп, беттерин тытып алууда. Акыркы жолу кенгуру кол салган кишинин бетине 17 тигиш  коюуга туура келген», — деп билдирди парламент мүчөсү Греф  Пайпер.

Пайпер  улуттук коруктун кызматкерлерин аймакка жандыктарга тамак берүү  мыйзамга каршы келерин жана өмүргө кооптуу экенин эскерткен белгилерди орнотууга чакырды.