05.12.2019 18:59

Айыпталуучулардын көзүнө жаш айланткан сот

Айыпталуучулардын көзүнө жаш айланткан сот

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесстен 24.kg маалымат порталы кабар берет. 

Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Бүгүн «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башкы директору Салайдин Авазовго сөз берилди. Айтымында, компанияны ТВЕАнын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыптоого болбойт, анткени подрядчыны кытай тарап тандаган.

«Кандай сүйлөшүүлөр болмок эле? Эгер мен Сапар Исаковго же мурунку энергетика министрине ТВЕАнын шарты жакшы деп кат жазбасам?», — деди ал.

Салайдин Авазов Сапар Исаковду кытай элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушту деп күнөөлөп жатышат.

“Эгер Сапар Исаковго кимдир бирөөнүн кандайдыр бир көрө албастыгы бар болсо, эмнеге мен камалышым керек?”, - деп суроо салат Салайдин Авазов.

 «Мен 65 жаштамын. Мен тармакта көп иштерди аткардым, мени жемкорлук боюнча айыптап жатышат. Мен эч качан ыйлаган эмесмин, бирок уулум сотко келгенде кармана албай калдым. Менин мүнөзүм катуу, бирок кандай абалга алып келишкенин көрүп турасыңар», — деп ал көзүнө жаш алды.