06.07.2018 12:01

«Айкөл Ала-Тоо»: Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу - Бакиевди актоого болгон кампаниянын башталышы

«Айкөл Ала-Тоо»: Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу - Бакиевди актоого болгон кампаниянын башталышы

«Айкөл Ала-Тоо» бирикмесинин мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Анда мурунку ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышат. Бул туурасында аталган бирикмеге таянып, 24. kg жазып чыкты. 

Апрель ыңкылабынын баатырлары Конгантиев Бакиевдин убагындагы бийликтин узурпацияланышы боюнча жооп бериши керек деп эсептешет. 

«2010-жылы биз үй-бүлөлүк башкарууну жок кылдык. Биздин шериктер каза тапты, Бакиевдер качты. Конгантиев  Бакиев үй-бүлөсүнүн жакын адамы болчу. Ал дагы жооп бериши керек. Соттун аны актап салганы, бизди бетке чапкандай болду », — дешет «Айкөл Ала-Тоо» мүчөлөрү.

Кайрылуунун авторлору ИИМдин мурунку башчысына карата козголгон кылмыш ишинин токтотулушун «Бакиевди актоого болгон кампаниянын башталышы» деп эсептешет. 

Эске сала кетсек, Молдомуса Конгантиевге мындан 8 жыл мурун  кылмыш иши козголгон. Жакында эле анын жактоочусу Икрамидин Айткулов «Конгантиевдин аракеттеринде кылмыш курамы жок деген жүйөө менен иш кыскартылды, Конгантиев акталды», -деп билдирген.